«Дүйнөдө ислам жана мусулмадардын орду»

2014-02-26 11:39:40 405

2014-жылдын 26-февралында теология факультетинин конференция залында, АКШдагы «Ислам айлыгы» журналынын башкы редактору Арслан Ифтихар «Дүйнөдө ислам жана мусулмандардын орду» жөнүндө маалымам берип өттү. Суроо-жооп менен коштолгон бул иш чарага АКШнын Кыргызстандагы элчисинин ММКлар боюнча кеңешчиси Сюзанна Вут, АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин коомдук байланыштар боюнча кызматкери Кыялбек Токсонбаев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Курбаналы Узаков, Ош облусунун казысы Ниязалы Арипов, теология факультетинин деканы Самаган Мырзаибраимов жана окуу жайлардын студенттери катышышты.