Теология факультетинде поэзия жарышы болуп өттү

2015-04-14 18:24:40 383

Үстүбүздөгү жылдын 14-апрелинде "Куттуу жумалык" жана илим жумалыгынын алкагында теология факультетинин конференция залында, факультетте окуган студенттердин арасында поэзия жарышы болуп өттү. Жарыштын натыйжасында, 1-орунга Маматтурсун уулу Үсөн, 2-орунга Азизилла уулу Иманбек, 3-орунга Манас уулу Тынчтыкбек жана Абдуганиев Асылбек ээ болушту. Ийгиликке жетишкен студенттерге диплом жана баалуу сыйлыктар, ОшМунун башкы имаратында боло турган "Кутту жумалыктын" негизги программасында тапшырылат.