ОшМУнун теология факультетинин студенттери мечиттерде жума хутбаларына өтүп берүүдө

2015-04-10 12:38:56 368

ОшМУнун теология факультети Ош областык казыяты жана Ош шаардык казыяты менен биргеликте февраль айынан баштап, алгач шаардык жума мечиттеринде андан соң областын карамагындагы жума мечиттеринде студенттердин тажрыйбасын өркүндөтүү максатында хутба окуу, азан айтуу жана маселе кылуу үчүн 5-4-3- жана 2-курстардын студенттерин ар жума мечиттерге жиберип келүүдө. Бул программа азыр да факультеттин окутуучулары А. Жусубалиев, З. Сарыбулак, Х. И. Өзтүрктөрдүн жетекчилигинде уюштурулуп жатат.