Теология факультетинин бүтүрүүчүлөрүнүн демилгеси

2015-04-09 14:17:06 317

2015-жылдын 8-апрель күнү теология факультетинин конференция залында факультеттин бүтүрүүчүлөрү «Ыйман» лицейинин окуучулары менен жолугушуп, география сабагы боюнча Ош шаарында болуп өткөн олимпиададан биринчи, республикалык олимпиададан бешинчи орунду алган Айжамал Арстанбек кызына жана Ош шаарында болуп өткөн акыл таймашында бирнчи орунду камсыз кылган Нурислам Жанарбек уулуна баалуу белектерди тапшырышты. Программанын кийинки бөлүгүндө теология факультетинин деканы Мырзаибраимов Самаган, декандын орун басары Ферхат Гөкче, «Ыйман» лицейинин директору Абдулкадир Балл ийгиликке жетишкен окуучуларды куттуктап сөз сүйлөштү. Ал эми факультеттин окутуучусу Калбердиев Абдилазиз «Ийгиликке жетүүнүн сырлары» деген темада доклад окуду.