ОшМУ Түркиянын Аксарай университети менен кызматташат

2015-03-18 12:54:17 385

Түркиянын Аксарай университетинин ректору профессор Мустафа Ажар 17-март күнү ОшМУ менен "Мевлана" программасы боюнча келишимге кол койду. Ошондой эле эки университет ортосунда биргеликте иш алып баруу макулдашылды. Сапардын алкагында учурда Аксарай университетинде окуган үч Кыргызстандык студенттер менен жолугушуулар уюштурулду деп маалымдады ОшМУнун Теология факультетинин деканы С.Мырзаибраимов. Кошумчалай кетсек, “Мевлана” программасы эки окуу жайдын ортосунда өз ара достук мамилени орнотуу, студенттердин, окутуучулардын илимпоздордун академиялык тажрыйба алмашуусуна өбөлгө болуучу программа болуп саналат. Бул программанын алкагында буга чейин Түркиянын Кастамону, Синоп, Муш, Байбурт, Невшехир университеттери менен келишим түзүлүп, окутуучулар, студенттер билим, тажрыйба алмашып, достук мамилени чыңдап келишет. 2014-2015-окуу жылында “Мевлана” программанын алкагында конкурстан ОшМУда эмгектенген 22 окутуучу өткөн болсо, алардын ичинен 9 окутуучу I семестрде барып келишкен, калган 13 окутуучуyнун сапары II семестрге пландаштырылган. Алар Кастамону, Синоп, Невшехир, Байбурт университеттерине барып, тажрыйба алмашып келишет.