Кыргызстандагы теология факультеттеринин кезектеги жыйыны

2015-01-21 14:14:26 324

2015-жылдын 15-январында И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргызстандагы теология факультеттеринин жыйыны болуп өттү. И. Арабаев атындагы КМУнин ректору төрагалык кылган жыйынга, Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин деканы Мырзаибраимов Самаган, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин теология факультетинин деканы Суат Жебежи, ОшМУнун Арашан гуманитардык институтунун теология факультетинин деканы Сайфулла Базаркулов жана И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин теология бөлүмүнүн башчысы Бектуров Эрмек катышты. Жыйында каралган негизги маселе, 2012- жылкы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин окуу методикалык бирикмеси тарабынан 531600, «теология» багыты боюнча иштелип чыгып, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген болжолдуу окуу планга жана өкмөттүн токтому менен бекитилген мамлекеттик стандартка кээ бир өзгөртүүлөрдү киргизүү. Декандар тарабынан талкууланган бул маселе, натыйжада бул маселеге өзгөртүүлөрдү киргизүү жана жаңы курамдагы “Окуу усулдук бирикмесин” түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Э.К.Сариевага кайрылуу жолдоо менен аяктады.