Жыл жаңырыгындагы жаңы саамалык

2015-01-21 13:52:45 349

2015-жылдын 19-январында Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинде Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан келген дин кызматкерлеринин билимдерин жогорулатуу максатында уюштурулуп жаткан семинардын ачылыш аземи болуп өттү. Ага университетибиздин биринчи проректору Абдувалиев Абдыганы Осмонович, Түркия Дин иштери башкармалыгынын Ош шаарындагы координатору Мустафа Шенвер, Президентке караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Курбаналы Узаков, Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн кеңешчиси Токтосун Жапаров, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Ош облусунун казысы Ниязалы ажы Арипов, Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз Закиров катышты. Эки апта боло турган бул семинарда теология факультетинин окутуучулары лекцияларды окушуп, учурда маанилүү болгон маселелерге токтолушат.