Бишкек шаарында болуп жаткан дин кызматкерлеринин билимин жогорулатуу курсу

2015-01-21 13:35:46 335

Үстүбүздөгү жылдын 12-18-январь күндөрү, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен Түркия элчилигинин диний кеңешчилиги тарабынан Бишкек шаарынан жана Чүй облусунун райондорунан келген «дин кызматкерлери үчүн» уюштурулган семинарга, Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин деканы жана окутуучулары Мырзаибраимов Самаган, Ажимаматов Зайлабидин, Жусубалиев Али, Калбердиев Абдилазиз жана Арипов Ниязалы барып, лекцияларды окуп келишти.