"Ай жаңыруусун тактоонун илимий-диний негиздери"

2014-12-22 09:15:48 353

20-декабрь күнү ОшМУнун башкы имаратынын ЧАЗында, Ош мамлекеттик университетинин теология факультети жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен биргеликте уюштурган "Ай жаңыруусун тактоонун илимий-диний негиздери" аттуу эл аралык конференция болуп өттү. Конференцияга, университетибиздин ректору, профессор Каныбек Абдуваситович Исаков, Түркия Республикасынын диянет иштери башкармалыгынын башчысынын орун басары Экрем Келеш, Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Ош шаарынын вице мэри Эргешов Ильичбек Салыевич, Казахстан муфтиятынын өкүлү Жумабаев Данияр ж.б. катышуучулар жана коноктор катышты.