Салттуу диний баалуулуктардын маанилүүлүгү

2014-12-12 11:24:14 362

Ректорубуздун демилгеси менен, салттуу диний түшүнүктөрдү жана баалуулуктарды жаштарга жеткирүү, мыйзамсыз диний агымдардын иштерине каршы күрөшүү жана терроризмдин алдын алуу максатында уюштурулган семинар, 10-декабрь күнү кыргыз филологиясы жана журналистика, орус филологиясы, педагогика жана дене тарбия жана эл аралык мамилелер факультеттеринде уланды. Ага теология факультетинин окутуучусу Али Жусубалиев, студенттери Хамиджанова З., Махмудбек уулу У., Карабаев М. жана Камалова Т. катышып, маанилүү маселелерде маалыматтарды берип келишти. Ал эми, ушул эле темадагы кезектеги семинар, 11-декабрда табият таануу жана география факультетинин, медициналык колледждин, тарых, юридика, математика жана информациялык технологиялар, физика-техника факультеттеринин жана конфуций институтунун студенттери үчүн дагы өткөрүлдү. Ал семинарларга, теология факультетинин окутуучу адистери Калбердиев А., Масиралиев Ш., Ажимаматов З., студенттери Өкөнбаева Т., Азизилла уулу И., Мисир кызы А., Хамиджанова З жана Орозалиева Т. катышып, кызыктуу талкуу уюштуруп келишти.