Мыйзамсыз диний агымдардын иштерине каршы күрөшүү жана салттуу диний баалуулуктардын маанилүүлүгү

2014-12-09 08:38:23 375

Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор Каныбек Исаковдун демилгеси менен, мыйзамсыз диний агымдардын иштерине каршы күрөшүү, терроризмдин алдын алуу жана салттуу диний баалуулуктарды жаштарга жеткирүү максатында, университетибиздин бизнес жана менеджмент факультети жана финанси-юридикалык колледжинин стеденттери үчүн 2014-жылдын 8-декабрында атайын программа уюштурулду. Программага, теология факультетинин окутуучусу Козукулов Тимур жана студенттери Абдулла кызы Эркегүл, Бакыбаев Абдимажит, Лутпилла кызы Айсанам жана Бектуров Казыбек катышып, айтылган маселелерде кеңири маалымат берип келишти.