"Хадистердин негизинде ислам»

2014-11-26 13:18:21 347

Үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрында ОшМУнун теология факультетинин Осмон аль-Оший атындагы конференция залында "Хадистердин негизинде ислам» аттуу темада илимий-усулдук конференция болуп өттү. Докладды теология факультетинин деканынын орун басары Ферхат Гөкче жасады. Докладдын аягында кызуу суроо-жооп менен уланган конференцияга теология факультетинин окутуучулары жана студенттери катышышты.