Диний баалуулуктарды жеткирүүдөгү жыйынтыктоочу иш чара

2014-11-24 16:35:24 339

Мыйзамсыз диний агымдардын иштерине каршы күрөшүү, терроризмдин алдын алуу жана салттуу диний баалуулуктарды жаштарга жеткирүү максатында мектеп окуучулары үчүн уюштурулуп жаткан жыйынтыктоочу иш чара, 21-ноябрда №41- Х. Абдуллаев жана 22-ноябрда №42- Керме тоо мектептеринде өкөрүлдү. Х. Абдуллаев мектебинде уюштурулган семинарга теология факультетинин окутуучусу Ажымаматов Зайлабидин, студенттери Талипова М., Хамиджанова З., Карабаев М. жана Юсупов О. катышты. Теология факультетинин окутуучусу Ажымаматов З. учурдагы диний маселелер жана кырдаал боюнча кеңири маалымат берип, окуучулардын суроолоруна жооп берди. Ал эми Керме тоо мектебинде болуп өткөн иш чарага теология факультетинин окутуучусу Ахмедова З., студенттери Төлөгөн кызы Данагүл жана Исаев Азатбек катышып, маанилүү маселелерде кеңири маалымат берип келишти.