Салттуу ислам түшүнүгүн калыптандырган исламдын универсалдуу баалуулуктары

2014-11-17 15:01:09 335

Үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрында №9 Рудаки орто мектебинде мыйзамсыз диний агымдардын иштерине каршы күрөшүү, салттуу диний түшүнүктөрдү жана баалуулуктарды жаштарга жеткирүү максатында, теология факультетинин демилгеси жана Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулган кезектеги семинар болуп өттү. Семинарга, теология факультетинин окутуучусу Калбердиев Абдилазиз, студенттери Абдулла кызы Эркегүл, Вахитов Руслан, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Кимсанов К., ИИМдин Ош шаардык башкы башкармалыгынын өкүлдөрү жана Достук аймактык кеңешинин төрагасы катышты. Бул семинарда, азыркы диний кырдаал жана Сирияга кеткен Кыргызстандык жарандар тууралуу видео ролик көрсөтүлгөндөн кийин, теология факультетинин окутуучусу Калбердиев А. Исламдын универсалдуу баалуулуктары жөнүндө кеңири кеп козгоду.