Абдишүкүр Нарматов теология факультетин зыярат кылды

2014-11-14 16:01:24 340

Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин төрагасы, Кыргызстан ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов, теология факультетин зыярат кылып, факультеттин жетекчилери, окутуучулары жана студенттери менен жолугушту. Жолугушуу учурунда ал, факультеттин иштерине ийгилик каалап, салттуу диний түшүнүктөрдү жана баалуулуктарды калкка жеткирүүдө, теология факультетинин чоң ролу жана ордунун бар экендигин белгилеп өттү.