"Христиан дини жана бул динде ыйыктарга ишенимдин орду» аттуу темада илимий-усулдук конференция болуп өттү.

2014-11-13 17:01:09 458

2014-жылдын 13-ноябрында ОшМУнун теология факультетинин Осмон аль-Оший атындагы конференция залында "Христиан дини жана бул динде ыйыктарга ишенимдин орду» аттуу темада илимий-усулдук конференция болуп өттү. Докладды теология факультетинин ага окутуучусу Мамытов Абдимухамет жасады. Докладдын аягында кызуу суроо-жооп менен уланган конференцияга теология факультетинин окутуучулары жана студенттери катышышты.