Экстремизм, мыйзамсыз диний агымдардын иштерине каршы күрөшүү

2014-11-11 16:04:50 360

Ош мамлекеттик университетинин теология факультети, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы менен биргеликте экстремизм, мыйзамсыз диний агымдардын иштерине каршы күрөшүү, терроризмдин алдын алуу, салттык диний түшүнүктөрдү илимий негизде туура жеткирүү максатында, мектеп окутуучуларына карата атайын программа уюштурду. Программага теология факултьтетинен Козукулов Тимур жана студенттер Өкөнбаева Турдугүл, Шамырбеков Нургелди, Карабаев Мамыр катышып, маанилүү маселеде илимий негиздеги маалыматтарын бөлүшүп келишти.