Дин кызматкерлери үчүн уюштурулган семинар

2014-02-12 16:39:40 348

2014-жылдын 30-январында Ош мамлекеттик университетинин теология факультети, Жалал-Абад облусунун казыяты менен биргеликте облустагы дин кызматкерлери үчүн «Дин жана диний түшүнүктөр жөнүндө терең маалымат берүү» максатында семинар уюштурду. Саат 10:00до башталган иш чарада мазхаб, агым жана секталар, алардын идеялары жана ишмердүүлүктөрү жөнүндө кеңири маалымат берилди.