Дин жана мазхаб түшүнүктөрүн билүүнүн илимий негиздери

2014-10-08 15:48:03 298

2014-жылдын 8-октябрында Ош мамлекеттик университетинин теология факультети, Ош шаарындагы массалык маалымат каражаттарынын жаш журналисттери үчүн «Дин жана мазхаб түшүнктөрүн билүүнүн илимий негиздери» темасында атайын семинар-тренинг уюштурду. Саат 10:00дө башталган иш чарада дин, мазхаб, агым жана секталар, алардын идеялары жана ишмердүүлүктөрү кеңири жөнүндө маалымат берилди. Семинар ОшМУнун теология факультетинде өткөрүлдү жана мындай иш чаралар мындан ары да тиешелүү структуралар менен биргеликте уюштурулмакчы.