Карылардын жана Ош шаарынын күнү

2014-09-30 16:20:19 339

Үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрында Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинде 1-октябрь карылар күнү жана 5-октябрь Ош шаарынын күнүнө карата атайын программа уюштурулду. Программанын ачылышында, теология факультетинин деканы Самаган Мырзаибраимов, декандын орун басары Ферхат Гөкче, КР өкмөтүнүн Ош облусундагы өкүлүнүн дин иштери боюнча кеңешчиси Токтосун ажы, Курманжан Датка аймактык кеңешинин төрагасы Медербай Маматов сөз алып, программага катышкан аксакалдарды куттукташты жана шаарыбыздын мындан ары да өнүгүп-өсүшүнө тилектеш экендиктирин белгилеп кетишти. Теология факультетинин окутуучусу Али Жусубалиев Ош шаарына байланыштуу тарыхтан далилдерди келтирген доклад окуду. Андан кийин программа, теология факультетинин студенттери тарабынан уюштурулган чакан концерттик программа менен уланды.