2026-11-18 03:52:37 2
ОшМУнун теология факультетинде дин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу курсу башталды 2026-жылдын 16-ноябрында Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинде Ош шаарынын жана Ош облусунун мечит имамдары үчүн «Дин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу» окуу курсу старт алды. Имамдардын диний сабаттуулугун арттырууга жана кесиптик деңгээлин жогорулатууга багытталган бул курс 28-ноябрга чейин уланат. Аталган иш-чара КР Президентинин «Кыргыз жараны», «Улуттук нарк» жарлыктарын жана «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолун ОшМУнун окуу-структуралык түзүмдөрүндө ишке ашыруу тапшырмаларынын алкагында уюштурулууда. Окуу программасы төмөнкү негизги максаттарды көздөйт: • дин кызматкерлеринин билимин тереңдетүү жана коомдогу диндин ордун туура түшүнүүсүн камсыздоо; • заманбап диний процесстерге илимий негизде баа берүү жөндөмүн өнүктүрүү; • радикалдык жана экстремисттик көз караштардын алдын алуу; • мамлекеттин дин саясатын коомчулукка туура жеткирүү боюнча билим-көндүмдөрдү калыптандыруу. Курстун ачылышында теология факультетинин деканы, доцент Ниязали Арипов катышуучуларга ийгилик каалап, коомдук ынтымакты, биримдикти чыңдоодо жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууда дин кызматкерлеринин ролу чоң экенин белгиледи. Ошондой эле билимдерин тереңдетүү максатында келген имамдарга ыраазычылык билдирди. Иш-чара Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын (КМДБ) Ош шаарындагы өкүлү Убайдулло ажы Сарыбаевдин жана Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Абдумалик ажы Турсунбековдун каалоо-тилектери, ошондой эле алгачкы сабактары менен уланды. Белгилей кетсек, бул окуу курсу КР Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин, КМДБнын жана Ош мамлекеттик университетинин өз ара кызматташтыгынын негизинде өткөрүлүүдө.