2026-11-17 01:45:14 5
2026-жылдын 13-ноябрында ОшМУнун теология факультетинин 3-курсунун студенттерине өндүрүштүк практикага багыттоочу конференция уюштурулду. Анда дин таануу жана гуманитардык предметтер кафедрасынын башчысы, Ж. Апизов практика өтүүнүн тартиби, студенттерди мекеме-уюмдарга бөлүштүрүүнүн буйругу, отчеттуулук боюнча маалымат берди. Практика жетекчиси А. Т. Бекмурзаева күндөлүк толтуруу жана коопсуздук-техникалык эрежелерин түшүндүрдү. Студенттер суроолорду беришип, тиешелүү жоопторду алышты.