«Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музейине тарбиялык багыттагы экскурсия

2026-10-23 01:54:55 3

«Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музейине тарбиялык багыттагы экскурсия 2026-жылдын 16-апрелинде ОшМУнун Теология факультетинин 2-курс студенттери окутуучу М. Жумабаевдин жетекчилигинде «Дин сабагын окутуунун усулдары» предметинин алкагында «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музейине экскурсияга барышты. Иш-чара студенттердин руханий-адептик тарбиясын өркүндөтүүгө, улуттук тарыхый-маданий мурастарды урматтоого жана коомдук баалуулуктарга сый мамиле кылууга багытталды.