2026-10-21 04:42:06 1
Мугалимдер күнүнө карата майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Ош мамлекеттик университетинин Теология факультетинин 1-курс студенттери тарабынан Мугалимдер күнүнө карата майрамдык иш-чара уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер мугалимдерге өзгөчө сый-урмат көрсөтүп, символикалык белектерин тапшырышты жана жылуу каалоо-тилектерин билдиришти. Ошондой эле мугалимдердин жаш муундун калыптанышына, ар тараптуу өнүгүшүнө кошкон зор салымы белгиленди. Теология факультетинин деканы, доцент Ниязали Арипов өз сөзүндө мугалимдин жаш муундун өсүп-жетилишиндеги орду өзгөчө экенин белгиледи. «Көп жылдык эмгеги менен Теология факультетинин окутуучулары бир гана факультеттин эмес, жалпы өлкөбүздөгү диний илим-билимдин өнүгүшүнө чоң салым кошуп келишет. Устаттарды мөмөлүү даракка салыштырсак болот. Ал дарактын мөмөсүн үзүп алуу үчүн устаттар менен тыгыз мамиледе болуп, алардан билим алууга жана тажрыйбасын өздөштүрүүгө умтулуу зарыл. Бул үчүн студенттерден аракет, изденүү жана тынымсыз эмгек талап кылынат», – деди декан