2026-10-21 04:37:27 2
ОшМУда жаңы окуу жылы башталды. Бүгүн, 2026-жылдын 15-сентябрында, Ош мамлекеттик университетинде 2026–2027-окуу жылынын башталышына карата уюштуруу жыйыны өттү. Жыйынга Теология, Табият таануу жана география факультеттеринин, ошондой эле STEM колледжинин жетекчилери, окутуучулары жана студенттери катышты. Иш-чарада жаңы окуу жылындагы окуу процессин уюштуруу, ички тартип, студенттер үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр жана алдыдагы милдеттер тууралуу маалыматтар берилди. ОшМУнун проректору К.Ш. Аттокуров ректор К.Г. Кожобековдун атынан студенттерди жаңы окуу жылы менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, окууда ийгилик, терең билим жана жаңы жетишкендиктерди каалады. Жаңы окуу жылы студенттер үчүн жаңы максаттарга, мүмкүнчүлүктөргө жана бийик жетишкендиктерге жол ачсын!