Аялдар үчүн уюштурулган 72 сааттык семинар

2026-10-21 04:27:59 1

2026-жылдын 13-25- июль жана 10- 22- август күндөрү ОшМУнун теология факультетинин доценти Жусубалиев Али Бурканович Ош облустук казыяты жана Ноокат райондук хатибияты тарабынан аялдар үчүн уюштурулган 72 сааттык семинарда Ислам тарыхы боюнча сабактарды өтүп берди. Анда Азирети Мухаммед пайгамбар доорундагы диний ишенимдер Куран аяттарынын негизинде түшүндүрүлүп берилди. Сабактар аябай кызыктуу өтүп, берилген суроолорго далилдүү жооптор берилди.