2026-06-03 09:59:59 5
2026-жылдын 18-май күнү Теология факультетинин 4-курстарынын квалификациянын алдындагы практикасы боюнча жыйынтыктоочу конференция жана квалификациялык иштердин алдын ала коргоосу уюштурулду. Жыйынтыктоочу конференция жана квалификациялык иштердин алдын ала коргоосу атайын түзүлгөн комиссия тарабынан өткөрүлдү. Окуу графигине ылайык квалификациянын алдындагы практика 2026-жылдын 6-апрелден 16-майга чейинки аралыкта Теология факультетинде өткөрүлдү. Конференцияда ар бир студент практика учурунда аткарган иштери боюнча отчет беришти. Анда практика учурунда аткарган иштери, туш болгон кыйынчылыктар, сунуштарын айтышты. Практика мезгилинде квалификациялык иштердин аткарылышы, аткаруудагы тоскоолдуктар, квалификациялык иштердин мазмуундук түзүлүшү боюнча презентация жасашты. Бул практика студенттерге квалификациялык иштерди талапка ылайык даярдоого мүмкүнчүлүк түзгөндүгүн көрсөттү.