Республикалык илимий-практикалык конференция (26.04.26)

2026-04-27 03:41:42 3

Фергана мамлекеттик техникалык университети тарабынан уюштурулган республикалык илимий-практикалык конференцияда Ош мамлекеттик университетинин Теология факультетинин «Дин таануу жана гуманитардык предметтер» кафедрасынын доценти Ниязали Турдалиевич Арипов баяндама жасады. Ал өз сөзүндө «Кыргызстанда айыл чарбасын исламдык принциптердин негизинде каржылоонун өзгөчөлүктөрү» темасына токтолуп, өлкөдө исламдык каржылоонун өнүгүү динамикасын, агрардык сектордогу ролун, ошондой эле мурабаха, салам, мудараба сыяктуу негизги инструменттердин колдонулушун талдап берди. Ошондой эле баяндамада тармактагы негизги көйгөйлөр белгиленип, аларды чечүү боюнча илимий негизделген сунуштар айтылды. Конференция аймактык деңгээлде тажрыйба алмашууга өбөлгө түзүп, исламдык каржылоону өнүктүрүү багытындагы кызматташууну чыңдоого мүмкүнчүлүк жаратты.