Теология факультетинде эл аралык академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында конок лекциялар өткөрүлдү (22.04.26)

2026-04-22 11:09:53 9

ОшМУнун Теология факультетинде эл аралык академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында конок лекциялар өткөрүлдү 2026-жылдын 22-апрелинде Ош мамлекеттик университетинин Теология факультетинде Түркия Республикасынын Балыкесир университетинен келген окутуучулардын катышуусунда бир катар конок лекциялар уюштурулду. Бул иш-чаралар студенттердин илимий дүйнө таанымын кеңейтүүгө, теология, диндер тарыхы, диний билим берүү жана тарыхый мурас боюнча билимдерин тереңдетүүгө багытталган. Конок лекциялардын алкагында төмөнкү темаларда баяндамалар жасалды: Профессор Мехмет Өзкан «Кыргызстан жана Түркия контекстинде дин таануу маданияты» аттуу темада лекция окуду. Бул баяндамада эки өлкөдөгү дин таануу маданиятынын өзгөчөлүктөрү, коомдогу орду жана өз ара байланышы тууралуу сөз болду. Доцент Ахмет Али Чанакчы «Диний билим берүүдө жаңы ыкмалар (окутуу технологиялары жана материалдарды колдонуу)» темасында баяндама жасап, заманбап окутуу ыкмалары, санариптик технологиялар жана билим берүү материалдарын натыйжалуу пайдалануу маселелери каралды. Профессор Айхан Истанбуллу «Ишенимдердин сапары: диндер тарыхынын карталар менен визуалдаштырылган интерактивдүү презентациясы» аттуу лекциясын сунду. Бул иш-чара диндердин тарыхый өнүгүүсүн, географиялык жайылышын жана цивилизациялар аралык байланыштарын интерактивдүү форматта тааныштырууга өбөлгө болду. Доцент Мустафа Полат «Осмон мамлекетинин архивдеринин тарых жазуудагы орду жана маанилүүлүгү» темасында конок лекция окуду. Баяндамада Осмон мамлекетинин архивдеринин тарых илиминдеги баалуулугу, маалымат булагы катары мааниси жана тарыхый изилдөөлөрдөгү орду талкууланды. Иш-чаралар студенттер, магистранттар, жаш окумуштуулар жана окутуучулар үчүн пайдалуу илимий иш-чара болду.