2026-04-20 15:20:20 3
Ислам академиясынын проректорлору Жеңишбек Элболдуев жана Майрамбек Жусупов баштаган профессордук-окутуучулук курам өкүлдөрү теология факультетине иш сапары менен келип, факультеттин учурдагы ишмердүүлүгү, билим берүү процесси жана келечектеги өнүгүү багыттары менен бөлүшүп кетишти. Жолугушуунун жүрүшүндө коноктор факультет жамаатына жылуу каалоо-тилектерин билдирип, окуу-илимий иштерде мындан аркы ийгиликтерди каалашты. Ошондой эле жолугушуу алкагында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, заманбап талаптарга жооп берген адистерди даярдоо, окутуу методикаларын өркүндөтүү жана илимий изилдөөлөрдү күчөтүү боюнча мазмундуу жана кызыктуу пикир алмашуу болду. Тараптар өз ара тажрыйба бөлүшүп, кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүү боюнча ойлорун ортого салышты. Факультет жамааты катары келген конокторго убакыт бөлүп, баалуу сунуш-пикирлери менен бөлүшкөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдиребиз жана мындан аркы биргелешкен иштерибиз жемиштүү болоруна ишенебиз.