ОшМУнун Теология факультетинин окутуучулары Ташкентте тажрыйба алмашышты(16.04.26)

2026-04-16 16:18:44 5

ОшМУнун Теология факультетинин окутуучулары Ташкентте тажрыйба алмашышты Ош мамлекеттик университетинин Теология факультетинин окутуучулары — Жумабаев Максатбек Абдумуталипович, PhD Зууридинов Өскөнбай Анаркулович жана Тажибаев Санжарбек Лочинбекович — академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында иш сапары менен болушту. Иш сапардын алкагында алар Өзбекстан Республикасынын Эл аралык ислам академиясына жана Министрлер Кабинетине караштуу Имам Матуридий эл аралык илимий-изилдөө борборуна барышып, аталган мекемелердин окуу процесси, билим берүү программалары жана илимий изилдөө ишмердүүлүгү менен таанышышты. Мындан тышкары, тараптардын ортосунда илимий жолугушуулар өткөрүлүп, тажрыйба алмашуу ишке ашырылды. Жолугушуулардын жүрүшүндө эки жогорку окуу жайдын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу жана академиялык байланыштарды чыңдоо маселелери талкууланды. Белгилей кетсек, мындай академиялык мобилдүүлүк программалары окутуучулардын кесиптик өнүгүүсүнө, жаңы билим жана тажрыйба топтоосуна, ошондой эле билим берүүнүн сапатын жогорулатууга маанилүү салым кошот. Ошондой эле келечекте мындай кызматташтыкты улантуу жана эки тараптуу байланышты мындан ары бекемдөө зарылдыгы белгиленди.