Теология факультетинде өндүрүштүк практикага багыттоочу конференция уюштурулду (27.03.26)

2026-03-30 10:25:29 15

2026-жылдын 27-мартында ОшМУнун теология факультетинин 3-курсунун студенттерине өндүрүштүк практикага багыттоочу конференция уюштурулду. Анда дин таануу жана гуманитардык предметтер кафедрасынын башчысы, п.и.к. К. А. Сооронбаева практика өтүүнүн тартиби, студенттерди мекеме-уюмдарга бөлүштүрүүнүн буйругу, отчеттуулук боюнча маалымат берди. Практика жетекчиси А. Т. Бекмурзаева күндөлүк толтуруу жана коопсуздук-техникалык эрежелерин түшүндүрдү. Студенттер суроолорду беришип, тиешелүү жоопторду алышты.