«Дин таануу илиминдеги диний баалуулуктар жана маданияттар аралык байланыштар» багыты боюнча 144 сааттык квалификацияны жогорулатуу программасы ийгиликтүү аяктады.(28.02.26)

2026-02-28 13:35:25 6

Бүгүн, 2026-жылдын 28-февралында, Ош мамлекеттик университетинин Теология факультетинде университеттин Квалификацияны жогорулатуу борбору менен биргеликте уюштурулган, Андижан мамлекеттик университетинин окутуучулары үчүн өткөрүлгөн «Дин таануу илиминдеги диний баалуулуктар жана маданияттар аралык байланыштар» багыты боюнча 144 сааттык квалификацияны жогорулатуу программасы ийгиликтүү аяктады. Окуу программасынын жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар салтанаттуу кырдаалда тапшырылды. Сертификаттарды тапшыруу аземине Квалификацияны жогорулатуу борборунун директору Т. А. Жороев катышып, бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, алардын мындан аркы кесиптик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады. Эл аралык кызматташтыкты чыңдоого багытталган бул программа билим берүү тармагында тажрыйба алмашууга, ошондой эле адистердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түздү.