2026-01-22 11:57:56 37
Теология факультетинде жумуш берүүчүлөр жана өнөктөштөр менен жолугушуу! 2026-жылдын 22-январында Теология факультетинде билим берүү программасын өркүндөтүү жана бүтүрүүчүлөрдү татыктуу жумуш орун менен камсыздоо максатында жумуш берүүчүлөр жана өнөктөштөр менен жолугушуу өткөрүлдү. Иш-чарага төмөнкү иш берүүчүлөрдөн КРнын дин иштери жана этностор аралык мамилелер улуттук агенттигинин Түштүк аймактык башкармалыгынын башчысы Адилбек уулу Фурхат, Муфтияттын Ош шаарындагы өкүлүнүн орун басары Акжол Бакиров, Муфтияттын Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Мухаммадсалих Размидинов, Ош шаарындагы №26 Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебинин директору Батыр Сайдалимов, Өзгөн районунун башкы имам хатиби Үсөн Маматтурсун уулу, КРнын Президентине караштуу антикоррупциялык ишкердик кеңешинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча жетекчисинин орун басары Эрмек Маткеримов, КРнын юстиция Түштүк башкармалыктын дин таануу эксперти Эмил Махматурайм уулу, Муфтияттын Ош шаарындагы өкүлчүлүгүнүн маалымат бөлүмүнүн башчысы Кутман Жаныбек уулу, Орто кесиптик теология колледжинин башчысы Жаныбек Апазов жана факультеттин профессордук-окутуучу курамы катышты. Иш-чараны Теология факультетинин деканы, доцент Ниязали Арипов ачып берип, аталган факультетте окутулуп жаткан билим берүү программасынын өзгөчөлүктөрү жана бүтүрүүчүлөрдүн түрдүү тармактарда жумуш орун менен камсыз болуусу тууралуу маалымат берди. Жыйындын жүрүшүндө билим берүү программасынын мазмуну, бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик даярдыгы жана мындан аркы кызматташтык маселелери талкууланды. Анда ар бир иш берүүчү билим берүү программасынын сапатын жакшыртууга карата баалуу сунуштарын беришти. Тагыраак айтканда, компетенттүү бүтүрүүчүлөрдү даярдоого карата Ханафий мазхабы жана Матуриди акыйдасы боюнча билимдерге басым жасоо маселеси тууралуу сөз болду. Мындан сырткары, классикалык диний билимин күчөтүүгө көңүл буруу, коомчулук менен интеграция болуу жаатында иш чараларды күчөтүү, бүтүрүүчүлөрдүн квалификациясы боюнча «Теология» бакалавр деп берилген академиялык даража ордуна «Дин таануучу» жана "мугалим, педагог" деген адистикти кошуп берүү жана дипломдук квалификациялык иштеринин темаларын тандоодо диний кырдаалга жараша көйгөйлүү маселелерди анализдеп изилдөөгө багыттоо, жакшы жазылган дипломдук иштердин ичинен кыскача окуу-усулдук колдонмолорду чыгаруу, айрым студенттерди кызыгуу жөндөмүнө жараша өз алдынча тапшырма берип окутууну колго алуу, дин жөнүндөгү укуктук нормативдерди тереңирээк үйрөтүү, дисциплиналардын мазмунуна карап тажрыйбасы бар тиешелүү адистерди конок лекцияларга тартуу, студенттердин тандоосу жана жөндөмүнө жараша диний тармакта иштөөнү каалагандарга өзүнчө окутуу программа менен, ал эми мамлекеттик кызматтарда иштөөнү каалагандарга өзүнчө окутуу программа менен окутууну карап чыгуу, бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердигинин түрлөрү боюнча кошумча курстарды уюштуруу, студенттерди сабактан сырткаркы мезгилде кесиби боюнча ыктыярчы катары тиешелүү мекемелерде тажрыйба топтоого багыттоо, окутуу программасы учурунда коомдук диний көйгөйлөрдү чечүүгө байланышкан методологиялык көрсөтмөлөргө басым жасоо, орто мектептердеги “Диндердин өнүгүү тарыхы“ предметинин программасын карап чыгып, толуктоолор боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу сыяктуу, казыяттар менен практика мезгилинде гана эмес, системалуу түрдө байланышып иш алып баруу сыяктуу сунуштар берилди. Жолугушуунун экинчи бөлүгүндө факультеттин окутуучулары тарабынан айтылган сунуш пикирлерге карата аларды аткаруу боюнча ойлору угулду. Жолугушуу соңунда факультеттин деканы айтылган сунуш-пикирлердин, анализдердин ар бири маанилүү жана учурдагы теологиялык билим берүүнү жакшыртууга багытталганын белгилеп, келген иш берүүчүлөр менен мындан ары да тыгыз кызматташууну, берилген сунуштарды эске алуу менен иш алып барылса ийгиликтер гана болоорун айтып өттү. Жолугушуу тараптар ортосундагы өз ара байланышты чыңдоого жана диний билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган маанилүү аянтча болду.