2025-12-22 09:58:15 17
ОшМУнун теология факультетинин профессордук-окутуучулук курамы “Ыйман окуу-тарбия комплексин” зыярат кылды Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин профессордук-окутуучулук курамы “Ыйман окуу-тарбия комплексине” иш сапары менен барып, мекеменин ишмердүүлүгү менен жакындан таанышты. Зыяраттын алкагында теология факультети менен “Ыйман окуу-тарбия комплекси” ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Атап айтканда, ыйман лицейин аяктаган бүтүрүүчүлөрдү теология факультетинин бакалавриат программаларына абитуриент катары тартуу, билим берүү багытында өз ара тажрыйба алмашуу, бакалавр программасында окуп жаткан студенттердин практикаларын "Ыйман окуу тарбия комплексинде" өтөө, ошондой эле илимий-изилдөө иштеринде кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алышуулар болду. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар руханий-адептик тарбияны күчөтүү, диний билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана келечекте биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Мындай жолугушуулар билим берүү мекемелеринин ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө жана жаштарга сапаттуу билим-тарбия берүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди. Жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары да улантуу жана конкреттүү багыттар боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү боюнча макулдашышты.