2025-06-14 05:21:50 143
2025- жылдын 6-10-октябрь күндөрү теология факультетинин окутуучусу Адылбек кызы Айсулуу Казакстан өлкөсүнүн Алматы шаарындагы Нур-Мубарак университетине эл аралык академиялык мобилдүүлүккө барып келди. Бул сапар учурунда ал университеттин илимий иштери, окутуу методдору жана студенттери менен таанышып келди. Ошондой эле 8- октябрь күнү Казакстан Республикасынын Дин Башкаралыгынын 35 жылдыгына арналган "Цифралык кеңештеги Ислам: көрүнүштөрү, платформалары жана мүмкүнчүлүктөрү" аттуу эл аралык конференцияга катышып келди.