2025-06-14 05:07:06 127
️ОшМУнун Теология факультетинин 2-курсунун студенттери 2025-жылдын 3-ноябрынан 29-ноябрына чейин «Сулайман-Тоо»’ Улуттук тарыхый- археологиялык музей комплексине К. А. Сооронбаеванын усулдук жетекчилиги астында окуу-таанышуу практикасына чыгышты. Практика учурунда студенттер Сулайман-Тоого келген туристтерден жана зыяратчылардан сурамжылоо жүргүзүп, талаа материалдарын топтошту. Тоого чыгып куран окуу, ырым-жырымдарды өткөргөн жарандар менен маектешип өздөрүнө кызыктуу болгон маалыматтарды ала алышты. Башкы-Мазар (Кайып-Мазар №1) участкасындагы маркумдарга арналган жайлардагы араб жазууларын такташып которуу иштерин жүргүзүшту. Бул иштерди аткарууда практика базасынан музей комплексинин башкы адиси Мырзабеков Эмирлан жетекчилик кылды. Практиканын аягында “Сулайман-Тоо” музей жетекчилиги студенттердин кесиптик кызыгуусун арттыруу максатын көздөп, башкы директор М.Э.Апарханов тарабынан грамота жана ыраазычылык баракчаларды тапшырышты. Студенттердин кесиптик көндүмдөрүнүн калыптанышына мүмкүнчүлүк түзүп берген ‘’Сулайман-Тоо’’ Улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин жетекчилигине жана жамаатына ыраазычылык билдиребиз.