Теология факультетинин деканы студент кыздарга жыйын өткөрдү

2018-03-13 16:02:55 376

2018-жылдын 12-мартында Теология факультетинин жатаканасында жашаган студент кыздарга аталган факультеттин деканы Самаган Мырзаибраимов укук таануу илиминин орду, илим менен динди биргеликте өнүктүрүү тууралуу семинар өткөрдү. Семинардын жүрүшүндө мусулман аял өзүн ар тараптан өнүктүрүүсүн жана ар кандай темада эркин ой жүгүртө билүү керектиги тууралуу талкуу болду.