Теология факультетинен Эл аралык мамилелер факультетине семинар жана китептер белеги

2016-11-09 15:32:22 381

Эл аралык мамилелер факультетинде, аймак таануу адистигиндеги арап тилин окуган студенттерге теология факультетинин арап тили предметинин окутуучусу Шейх Ахмет Хилал Арап тили жана адабияты ошондой эле арапча үйрөнүүнүн методдору тууралуу семинар өттү. Арап тилин үйрөнүп жаткан студенттерге Курандын котормосун, арапча китептерди жана теология факультетинин басылмалары китептеринен белекке беришти.