2016-жылдын 27-28-октябрь күндөрү факультеттердин ортосундагы мобилдүүлүктү жандандыруу максатында теология факультети менен искусство факультетинин ортосунда иш-чара болуп өттү.

2016-11-01 14:29:14 385

27- октябрь күнү теология факультетинин студенттери искусство факултетине барышты. Ачылыш сөздү искусство факультетинин деканы филос. илим. канд., доцент Курбанбаев Кылычбек Азимович жана теология факультетинин деканы, полит. илим. канд., доцент. Мырзаибраимов Самаган Абдыразакович сүйлөштү. Искусство факультетинин деканы Курбанбаев Кылычбек искусство багытындагы адистиктер жана сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү жөнүндө маалымат берүү менен бирге теология факультети менен мындан ары байланыштарды күчөтүүнү баса белгиледи. Андан ары искусство факультетинин окутуучусу Мангиева Фарида «Унутта калган кыргыздын музыкалык аспаптары» деген темада концерттик программанын коштоосу менен семинар өттү. 28-октябрь күнү искусство факультетинин студенттери теология факультетине келишти. Теология факультетинин деканы, полит. илим. канд., доцент. Мырзаибраимов Самаган теология факультети жөнүндө жалпы маалымат берүү менен бирге мындан ары университеттин башка факультеттери менен да байланыштарды күчөтүүгө басым жасаарын баса белгиледи. Теология факультетинин декандын орун басары Ферхат Гөкче башка факультеттер менен теология факультетинин ортосунда тыгыз мамиле болуш керектигин, ошондой эле ислам тарыхында көптөгөн географтардын, дарыгерлердин, акындардын ж.б көптөгөн улуу илимпоздордун жашап өткөндүгүн баса белгиледи. Мындан сырткары искусство факультетинен келген окутуучу Тамара Кадырбаева да сөз сүйлөдү. Андан кийин теология факультетинин ага окутуучусу Жусубалиев Али Бурканович «Кыргыз маданиятына исламдын тийгизген таасири» деген темада семинар өттү. Семинар суроо-жооп түрүндө уланды жана активдүү катышкан студенттерге китептер берилди. Аягында искусство факультетинин студенттерине теология факультети тарабынан даярдалган, диний ырлар жыйнагы камтылган СD дисктер таркатылды.