2025-06-14 05:52:49 142
Иш-чара жөнүндө маалымат 20-ноябрь 2025-жылы Теология факультетинде диний себептер менен жүз жабуу маселеси боюнча түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты – студенттерге мыйзамдык жана диний негиздер боюнча туура маалымат берүү, улуттук баалуулуктарды бекемдөө жана диний сабаттуулукту жогорулатуу. Иш-чарага Теология факультетинин жана ТТДТТАТ институтунун студенттери, декан Ниязалы Арипов, адистер жана окутуучулар катышты. Таиров Азаматбек Жолдошалиевич – мыйзамдык аспекттерди түшүндүрүп, 127-1-берене боюнча коомдук жайларда жүздү жабууга тыюу салууну жана жоопкерчиликти баяндады. Адылбек кызы Айсулуу – “Исламда никаб тууралуу көз караштар” аттуу баяндамасын жасап, Нур 31 жана Ахзаб 59 аяттарына таянып, ханафий мазхабында никяб парз эмес экенин белгиледи. Студенттер активдүү катышып, суроолорду берип, иш-чарадан мыйзам жана диний негиздер боюнча пайдалуу маалыматтарды алышты. ТТДТТАТ институтунун студенттери да катышып, талкууга активдүү аралашып, мыйзамдык жана диний түшүнүктөрдү өздөрүнүн билим деңгээлине ылайык алды.