Эл аралык мамилелер (20.11.25)

2025-06-14 05:42:05 229

2025-жылдын 20-ноябрь күнү ОшМУнун теология факультетине Казакстан Республикасынын Л. Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин дин таануу кафедрасынын окумуштуу-окутуучулары Калемшариф Балжан, Алимкулова Салтанат Бектемир кызы иш сапары менен келишти. Алар менен факультеттин профессордук-окутуучулук жамааты жолугушуп, дин таануу багытындагы изилдөө темалары боюнча пикир алмашышты. Мындан ары илим-изилдөө, тажрыйба алмашуу, конок лекцияларды өткөрүү жана биргеликте эл аралык конференцияны уюштуруу жаатында кызматташулар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.