Илимий иштерде жараткан ийгилик үчүн факультеттин окутуучулары атайын диплом менен сыйланышты

2015-12-23 14:10:29 371

2015-жылдын 22-декабрь күнү ошМУнун башкы имаратынын ЧАЗында университеттин бир жылдык илимий иштери боюнча отчет жыйынында ОшМУда өткөрүлгөн академик Б.М. Мурзаибраимовдун 75-жылдыгына арналган эл аралык илимий практикалык конференцияда мыкты баяндама жасагандыктары үчүн теология факультетинин декандын орун басары, доцент Ф. Гөкче жана кафедра башчы, доцент З. Ажимаматовдор атайын диплом менен сыйланышты. Ошондой эле дин таануу жана гуманитардык предметтер кафедрасынын илимий иштери боюнча жасаган баяндамасы үчүн кафедра башчысы, доцент З. Ажимаматов экинчи даражадагы диплом менен сыйланды.