ОшМУнун жетекчилери жана декандар теология факультетиндеги жетишкен ийгиликтери менен таанышуу үчүн зыярат кылышты

2015-12-14 14:58:08 350

2015-жылдын 14-декабрь күнү 08.30-10.00 арасында университеттин ректору, профессор Каныбек Исаков агай, проректорлор, декандар, бөлүм башчылары жана директорлор теология факультеттеги өзгөрүүлөр менен таанышып чыгышты. Негизги өзгөчөлүк акылдуу доскаларды сабакта лекцияда колдонулуусун жана баардык студенттер сабакта планшеттерин пайдалануусу. Окуу куралдар жана лекциялар студенттердин планшеттерине өткөрүлүп берилет. Акылдуу досканын өзгөчөлүгү компьютер, телевизор жана доска болот. Ошондой эле окуу залында күчтөндүрүлгөн компьютерге 2 TB (терабайт) бир миллион электрондук окуу китептерин көрүп чыгышты.