БУУ тарабынан уюштурулган семинар

2015-12-11 10:45:36 373

2015-жылдын 10-декабрь күнү теология факультетинин конференция залында БУУ тарабынан уюштурулган «Аялдардын коомдогу орду» деген темада семинар болуп өтүү. Семинарды БУУнун өкүлү Гералд Гюнтер, теология факультетинин деканы Самаган Мырзаибраимов, декандын орун басары Ферхат Гөкче ачып берип, катышуучуларга ийгилик каалап өтүштү. Семинарда теология факультетинин 5-курсунун студенти Орозалиева Толгонай «Исламда аялдын орду», Манас уулу Тынчтыкбек «Ислам укугунда зайыпка кол көтөрүү маселеси», Билалидин кызы Азизабүбү «Исламда аялдын билим алуусу», Азизилла уулу Имамбек «Исламда жана кыргыз каада-салтында аялдын орду» деген темаларда докладдарын сунушту. Семинардын аягында дин таануу жана гуманитардык предметтер кафедрасынын башчысы Зайлабидин Ажимаматов жыйынтыктоочу сөз сүйлөп, катышуучуларга жана келген конокторго ыраачылыгын айтып өттү.