“Диндердин өнүгүү тарыхы” сабагынын мазмуну жана аны мектептерде окутуу маселеси.

2024-06-22 04:42:16 10

2024-жылдын 21-июнь күнү ОшМУнун теология факультетинде “диндердин өнүгүү тарыхы” сабагынын мазмуну жана аны мектептерде окутуу маселеси боюнча тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго теология факультетинин жетекчилиги, эксперттер жана аталган сабакты мектепте окутуп жаткан теолог мугалимдер катышты. Талкуунун жүрүшүндө окуу китебине байланыштуу маселелер, сабактын мазмуну жана алдыдагы кыйынчылыктарга басым жасалды. Талкуунун аягында ар ким өзүнүн кеңеш жана сунушун жазуу түрүндө уюштуруучу тарапка берүүгө макул болду.