2024-05-21 08:12:58 22
2024-жылдын 17-майында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин теология факультети тарабынан уюштурулган “Ислам дининдеги Ханафий-Матуридий түшүнүгү” аттуу эл аралык илимий симпозиумга, ОшМУнун теология факультетинин окутуучулары доцент Ажимаматов З, Хилми Караагачлы, Жумабаев М, Кадыров М, Козукулов Т, Зууридинов Өскөнбай агайлар доклад окушту. Симпозиум Ханафий-Матуридий пикиринин кеңири аудиторияга жайылтууга, бул тармактагы академиялык изилдөөлөрдү бөлүшүүгө жана ислам дүйнөсүндөгү ар кайсы өлкөлөрдөн келген катышуучулар арасында маалымат алмашууга шарт түздү. Иш-чаранын соңунда катышуучуларга сертификаттар ыйгарылып, эстеликке сүрөткө түшүштү.