«Адабият – нарктуулуктун башаты» аттуу иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү.(11.12.25)

2024-02-15 03:47:50 177

Улуттук адабият күнү — руханий мурастын жана улуттук нарктын майрамы 2025-жылдын 11-декабрында Теология факультетинде «Адабият – нарктуулуктун башаты» аттуу иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Адабият — элдин эс-тутумун сактаган, муундарды бириктирген, адамдын жан дүйнөсүн тарбиялаган улуу мектеп. Студенттерибиз чыгармалары, көркөм окуулары жана ой толгоолору аркылуу ушул руханий мураска болгон урмат-сыйын даңазалап беришти. Иш-чаранын ачылышында Теология факультетинин деканы доцент Н.Арипов өз куттуктоо сөзүн сүйлөп, адабияттын руханий дүйнөнү байытуудагы ордуна токтолуп, студенттерди чыгармачылыкка, окулганды даңазалоого жана ата-бабадан калган мурастын кадырын билүүгө чакырып өттү. Ошондой эле ОшМунун доценти Ош областы боюнча терминологиялык комиссиянын эксперттик тобунун башчысы Нармырзаева Курманжан Жыргалбаевна куттуктоо сөзүндө улуттук адабияттын бүгүнкү күндөгү мааниси, жаш муундун тарбиясындагы ролу жана биримдикти бекемдөөчү күч катары адабияттын баалуулугу жөнүндө өзүнүн терең ойлорун бөлүштү. Иш-чараны коштоп, колдоо көрсөткөн бардык агай-эжейлерге, активдүү катышкан студенттерге жана факультет жетекчилигине терең ыраазычылык билдиребиз. Бул күн руханий баалуулуктарды бекемдеп, адабиятка болгон кызыгууну арттырып, жаштардын ой дүйнөсүнө жаңы дем берди. Адабият — нарктын башаты, руханий баалуулук, улуттук өзөндүн уландысы жана коомду агарткан жарык күч.