«Түркия стипендиялары» аттуу семинар.

2023-11-30 03:36:50 56

Теология факультетинин «Дин таануу жана гуманитардык предметтер» кафедрасынын башчысы м.а. жана окуу иштери боюнча декандын орун басары PhD Абдуганиев Асилбек, кафедранын 2023-2024-окуу жылына карата түзүлгөн жана окуу иштеринин иш-планында каралган; «Кадрларды даярдоо багыттары боюнча факультеттин ишмердүүлүгүн өнүктүрүү, иш-берүүчүлөр жана билим берүү органдары менен тышкы байланыштарды бекемдөө» планынын негизинде ЙТБ «Чет өлкөлүк Түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы»нын жетекчиси Абдуллах Эрен баштаган делегациянын Ош жана Өзгөн шаарларындагы иш-чараларына катышты. Иш-чаранын бир бөлүгү, 24-ноябрь күнү ОшМУнун башкы корпусунда «Түркия стипендиялары» аттуу семинар менен жыйынтыкталды. Семинарда ЙТБдеги бүтүрүүчүлөр боюнча адис Сефа Дирижан, стипендияга катталуу боюнча техникалык адис Өмер Эрдем Мутлу жана Абдуганиев Асилбек, Ош шаарындагы орто мектептерде билим алып жаткан окуучуларга, ОшМУнун Ыйман жана Билим гимназиясынын окуучуларына, ОшМУнун теология факультетинин жана башка факультеттериндеги студенттерине жана магистранттарына «Түркия стипендиялары» программасы боюнча маалымат беришти.