ОшМУ дагы эки PhD илимпозго толукталды.

2023-02-01 11:04:06 89

Теология факультетинин окутуучусу Зууридинов Өскөнбай Анаркулович 2023-жылдын 16-январь күнү Түркиянын Анкара университетинде «Диндер тарыхы» боюнча «Манас эпосунда ыйыктык жана ыйыктар» темасында PhD доктордук диссертациясын ийгиликтүү коргоду. Ошондой эле факультеттин дагы бир окутуучусу Абдуганиев Асилбек 2023-жылдын 26-январь күнү ушул эле университетте «Хадис» багыты боюнча «Закария Кандахлавинин хадис илиминдеги орду, Фазаили Амалы жана коомдук таасири (таблиг жамааты негизинде)» темасы боюнча PhD доктордук диссертациясын ийгиликтүү коргоду.